Бүгүн тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активисттин соту болот

Бүгүн тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активисттин соту болот

Бүгүн, 14-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда активист Афтандил Жоробековдун иши боюнча соттук отурум өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Отурум саат 14:00го белгиленген.

Шаардык сот билдиргендей, Жоробековдун иши боюнча соттук-линвистикалык экспериза жүргүзгөн эксперт процесстерге келбегендигине байланыштуу сот отуруму бир нече жолу жылдырылган. Мындан улам сот экспертти процесске мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарган.

Жоробековдун үй камагындагы мөөнөтү 2-ноябрга чейин узартылган.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө, коомчулук, анын ичинде бир катар активисттер ага каршы чыккан. Алардын арасында автивист Афтандил Жоробеков да бар болгон. Жоробеков тууну өзгөртүүгө каршылыгын билдирүү үчүн тынчтык акцияларды уюштурарын жарыялаган. Алгач ал 2-декабрда автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок милиция кызматкерлери акция өткөрүүгө жолтоо болгон.

Андан кийин Жоробеков 9-декабрда Бишкектин Горький сейил багында тынчтык митингин уюштурууну пландаган. Бирок ага жетпей эле 7-декабрда активист милиция тарабынан кармалган. Ага «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча айып тагылган.

Жоробековдун кармалганына карабай 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөн. Митингде эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес.

Тергөө аяктаган соң анын иши Ленин райондук сотуна жиберилген. Соттук кароонун жүрүшүндө Жоробековдун билдирүүлөрү боюнча кошумча экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы активисттин сөздөрүндө эч кандай чакырыктар жок экенин көрсөткөн.

Кийинчерээк прокурордун өтүнүчү менен иш кайра тергөөгө да жөнөтүлгөн.

Жоробеков 6 айдан ашык убакыт камакта отургандан кийин 15-июнда үй камагына чыгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>