Афганистандагы этникалык кыргыздарга дары-дармектер жеткирилди

Афганистандагы этникалык кыргыздарга дары-дармектер жеткирилди

Афганистандагы этникалык кыргыздарга жана башка жергиликтүү тургундарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Кыргызстандан барган дарыгерлер тобу (кардиологдор, стоматологдор, акушер-гинеколог) 755 жаранга, анын ичинде 195 аялга жана 180 балага медициналык жардам көрсөткөн. Ошондой эле адистер жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо жана бодо жана майда мал-жандыкка ветеринардык дары-дармектерди туура колдонуу боюнча окутууларды өткөргөн.

Кыргызстандык делегацияны жетектеп барган министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен жолугуп, этникалык кыргыздардын жашоо шарттары, алардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү маселелерин талкуулаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>