Ош шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскерттиНепалдагы табигый кырсыкка байланышуу Садыр Жапаров Рам Чандра Пауделге көңүл айттыТибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айттыКемин шаарында Жибек-Жолу көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калды
Кадамжайда 40,1 млн сомго кичи ГЭС курулат
15.10.2024 | 11:29
Баткендин Кадамжай районунда Базарбай Ата-З кичи ГЭСи курулат. Бул тууралуу Кыргызстан-Россия өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Кичи ГЭСтин кубаттуулугу 600 кВт’ты түзөт. Аны курууга 40,1 млн сом каралган. Бул акчанын 22 млн сомун аталган фонд бөлөт.
Базарбай Ата-З кичи ГЭСи салынып бүткөндөн кийин жылына 5,2 млн кВт/саат электр энергия өндүрүп турат. Бул ГЭС 8,2 миң тургуну бар Марказ айылын, 1,5 миң жашоочусу бар Сары-Алтын айылын жана Кадамдай районунун бир бөлүгүн электр энергия менен камсыз кылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом