Бүгүн Кыргызстан менен Түндүк Корея ойнот. Бишкекте эки көчө жабылат

Бүгүн Кыргызстан менен Түндүк Корея ойнот. Бишкекте эки көчө жабылат

Кыргызстан менен Түндүк Корея футбол курамаларынын беттеши өтө тургандыгына байланыштуу Бишкектеги эки көчө унаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалматка ылайык, Тоголок Молдо көчөсү Чүйдөн Фрунзеге чейин жана Фрунзе көчөсү Тоголок Молдодон Панфиловго чейин жабык болот.

Кайгуул кызматы айдоочуларды бара турган жерге жолду алдын ала пландап алууга чакырат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Түндүк Кореянын беттеши дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюн саат 20:00до башталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>