Барак эксклавынан көчүп келген кыргызстандыктар үчүн салынган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады

Барак эксклавынан көчүп келген кыргызстандыктар үчүн салынган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы Барак эксклавынан көчүп келген кыргызстандыктар үчүн Ош облусунда салынып жаткан айылдагы үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Барактыктар үчүн салынып жаткан айыл Жаңы-Барак деп аталат. Ал Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан. Аянты 38 гектар болгон айылга 101 турак үй салынууда. Алардын курулушу дээрлик аяктап калды. Үйлөр жакын убакта пайдаланууга берилет деп пландалууда. Ар бир үйгө таза суу жана канализация тартылат.

Бүгүн, 16-октябрда облус башчысы Элчибек Жантаев айылдагы курулуштун жүрүшү менен таанышкан. Ал айылга келчү негизги ички жолго тез арада асфальт төшөө, айылдын айлана-тегерегин иретке келтирүү тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, Барак айылы мурда Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы болгон. Айыл жарым-жартылай обочодо калгандыктан, анда жашагандар көп жылдардан бери Кыргызстанга кирип-чыгууда кыйынчылык тартып келишкен. 2022-жылы эки өлкө чек ара такташканда, Барак эксклавы боюнча маселе алмашуу жолу менен чечилген. Барак айылы Өзбекстанга өтүп, коңшу мамлекет анын ордуна Кыргызстанга Ош облусу менен чектешкен аймагынан жер берген.

Быйыл апрелде Барактын тургундары Ош облусуна көчүп чыккан.

Май айында президент Садыр Жапаров Жаңы-Барак айылынын курулушуна капсула салган. Анда айыл 31-августка чейин курулуп бүтөрү пландалып жатканы кабарланган.

Өзбекстандын Барак анклавынан көчүп келген кыргызстандыктар үчүн жаңы айыл курулат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>