Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
“Французча сүйлөп жатасыңбы?”. Казак тилин шакаба кылган Черчесов айыпка жыгылды (видео)
17.10.2024 | 12:04
Казакстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов казак тилин шакаба кылганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин футбол федерациясынын президенти Адлет Барменкулов билдиргенин казакстандык басылмалар жазды.
Белгилүү болгондой, жакында эле маалымат жыйында Черчесовго казак тилинде суроо узатылган. Черчесов суроо берген журналистке “сен французча сүйлөп жатасыңбы?” деп, французча бир-эки сөз айтып шакаба кылган. Анын был жоругу Казакстандын коомчулугу тарабынан сынга алынган.
Адлет Барменкулов билдиргендей, бул окуядан кийин Станислав Черчесов менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик тилди сыйлоо керектиги айтылган.
Черчесовго 738,4 миң теңге (129 миң сом же 1,5 миң доллар) айыппул салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом