Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылдыСалык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилди
Бишкектеги түнкү клубда шаар тургуну сабалып, тонолгон
23.10.2024 | 13:02
Бишкекте тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициянан билдиршти.
Милициянын маалыматы боюнча, 20-октябрда таңкы саат 04:00-05:00до Ахунбаев көчөсүндөгү түнкү клубда белгисиз адамдар шаар тургунун сабап, 50 миң сомдук iPhone 13 Pro телефонун тартып алган. Бул боюнча шаар тургуну милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0504 00 66 11 же 102 кабар берүүсүн суранат.