Такси кызматынын баасы 800 сомго чейин кымбатташы мүмкүн — Дастан БекешевКыргызстан менен Кытай пион гүлүн өстүрүү жаатында кызматташатУКМК Оштогу «Манас» турак жай комплексиндеги маселени текшерип, курулушту күзгө чейин бүтүрүүнү тапшырдыМугалимдердин билим деңгээли: Байсаловдун айтканында жан барбы?Жеке автомектептердин иши токтотулуп, ишкерлер нааразы болууда. Туманбаев жооп бердиКыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди он бир пайыз деңгээлинде сактады
Караколдогу Пушкин сейил багы 161,9 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтөт
25.10.2024 | 11:22
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы сейил бакты оңдоп-түзөө пландалууда. Курулуш иштерин жүргүзө турган компанияны аныктоо үчүн шаардын Муниципалдык менчик башкармалыгы тендер жарыялады.
Сейил бактын планын кайра иштеп чыгууга, оңдоп-түзөөгө 161 млн 918 миң сом каралган.
Тендер боюнча арыздар 8-ноябрга чейин кабыл алынат.
Сынакты уткан компания келишим түзүлгөндөн кийин курулуш иштерин май айына чейин бүткөрүшү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом