Камакта отурган Имамидин Ташов өзүнө кол салганы кабарланды

Камакта отурган Имамидин Ташов өзүнө кол салганы кабарланды

«KG групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салган деген жүйө менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков билдиргенин «Азаттык» жазды.

Жактоочунун айтымында, УКМКнын тергөө абагында кармалып турган ишкерди «Тез жардам» унаасы ооруканага алып кеткен.

«Мен бүгүн Ташовго жолугуу үчүн УКМК тергөө абагына келгем. Ал жердеги нөөмөтчү киргизбей «күтүп тур» деп койду. Ошол жерден Имамидин Ташов өзүнө кол салып, «Тез жардам» менен ооруканага алып кеткенин угуп калдым. Мен 103 аркылуу «Тез жардам» кызматына чалып, сурасам, мага УКМКнын тергөө абагына 40-45 жаштардагы эркек адам өзүнө кол салганы тууралуу чакыруу болгонун, «Тез жардам» аны шаардагы №4 ооруканага алып кеткенин ырасташты. Бирок ал өзүнө кантип кол салганы тууралуу маалымат беришкен жок. Мен да азыр эле ооруканага келдим», — деди Матцаков.

Бул окуя боюнча УКМКнын маалымат кызматы үн ката элек. Маалымат алуу үчүн алар менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эскерте кетсек, быйыл январда «KG групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташов 2023-жылы ал кармалганда, андан УКМКнын кызматкерлери «сол чөнтөккө» 100 млн сом сураганын билдирген. Анын айткандарын Камчыбек Ташиев калп деп атап, «Ташов менен Тилекмат Куренов өлкөдө төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптаган. Ал экөө тең издөөгө алынган.

Кийин 22-апрелде ал УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат Ташов «бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган» деп айыптаган.

УКМК кармаган Имамидин Ташов бир айга камакка алынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>