Миллионго жакын аялдар жана кыздар гуманитардык жардамсыз калды — БУУнун баяндамасы«Ысык-Көл» аэропортуна Ташкенттен биринчи түз каттам келдиСелдин кесепеттерин жоюу иштерине 840тан ашуун адам тартылдыУлуу Британия социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн түнкү чектөөлөрдү киргизетКыргызстанда өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүү үчүн «Санариптик чек ара» тиркемеси ишке киргизилдиНарын облусунда мыйзамсыз балык уулаган Кытай жарандары Кыргызстандан чыгарылды
Салык кызматынын жетекчиси Кыргызстанда салык салуу кыйла жөнөкөйлөтүлгөнүн белгиледи
09.02.2026 | 11:33
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 6-февралдагы ведомствонун коллегиялык жыйынынын жүрүшүндө өлкөдөгү салык режимин жеңилдетүү боюнча 2025-жылы көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.
Ведомство башчысынын айтымында, 2025-жылдын 1-январынан тарта бир катар негизги өзгөртүүлөр ишке ашырылган:
- ЭТТНди жоюу: товарлардын көпчүлүк категориялары үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды милдеттүү түрдө колдонуу талабы жоюлган.
- Текшерүүлөргө мораторий: базарларда текшерүү максатындагы сатып алууларды жүргүзүүгө жана рейдик салыктык контролго тыюу салынган.
- Отчеттуулукту жеңилдетүү: «нөлдүк» отчетторду тапшыруу милдети токтотулган.
- Декларациялоо: жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактар үчүн жалпы салыктык декларация тапшыруу талабы жоюлган.
Алмамбет Шыкмаматов бул кадамдар бизнеске үнөмдөлгөн убакытты жана ресурстарды өз ишмердүүлүгүн түздөн-түз өнүктүрүүгө жумшоого мүмкүндүк бергенин баса белгиледи. Салык кызматынын жетекчисинин пикири боюнча, жол-жоболордун жөнөкөйлөшү жана административдик басымдын азайышы ишкерлердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жалпы Кыргызстандын экономикасын чыңдоого өбөлгө түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика