Чолпон-Атада “Ысык-Көл 2025” масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтүүдөАйыл чарба министрлиги быйыл сугат суу 1 млрд куб метрге көп берилгенин билдирдиКыргызстан менен Глобалдык жашыл өсүү институту табигый кырсыктарды алдын алуу жаатында кызматташатТүркстан облусунда «Борбордук Азия» эл аралык борборунун курулушу башталдыӨзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов Кыргызстанга расмий сапар менен келетКыргызстан Кытайга кургатылган өрүк экспорттой баштады
Россияда оодарылып кеткен кемеде иштеген кыргыз жараны табылбай жатат
31.10.2024 | 13:13
Россияда оодарылып кеткен кемеде иштеген кыргыз жараны табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, окуя Сахалинде болгон. Кемедеги кыргызстандык Нурлан Кожомбердиев 46 жашта болгон.
Депутат бул маселени көзөмөлгө алуусу үчүн Россиядагы элчиликке тапшырма берүүнү суранды.
Россиялык ММКлар жазгандай, 18-октябрда Сахалиндин түштүк жээгинде кум-шагыл ташып бараткан “Григорий Ловцов” кемеси оодарылып кеткен. Кемеде 7 киши болгон. Алардын үчөө аман-эсен куткарылган. Экөө каза болгон. Калган адамдар табыла элек.
Айрым маалыматтар боюнча, кемеде 7 эмес, 13 киши болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом