Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
“Токмок” көзөмөл бекети убактылуу жабылды
31.10.2024 | 12:40
Кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок – унаа жолу” көзөмөл өткөрмө бекети аркылуу жарандарды, унааларды өткөрүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган бекет «Кыргызтелеком» компаниясы интернет линияларын оңдоп жатканына байланыштуу жабылган. Ага байланыштуу унаалар менен жарандар “Кең-Булуң” өткөрмө бекетине жөнөтүлүүдө.
Ошондой эле жарандар, унаалар Чүй облусунан Казакстанга “Ак-Жол “, “Ак-Тилек” жана “Чалдыбар” бекеттери аркылуу өтө алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом