Саясатчы Азимбек Бекназаров дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди.
Анын айтымында, атасы 2-январга чейин камакта болот.
Эскерте кетсек, Азимбек Бекназаров 12-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Ал «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси боюнча шектелүүдө.
УКМКнын маалыматы боюнча, Бекназаров «2010-жылы апрелде төңкөрүш болгондон кийин банк кутучуларынан, өкмөт үйүнөн алынган акчалардын уурдалышы жана коротулушу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Атайын кызмат билдиргендей, Азимбек Бекназаров мыйзамсыз алынган акчага кымбат объекттерди сатып алып, башка адамдарга каттаткан.
Бекназаровдун өзү ага тагылган айыптарды четке кагып, саясий негизде кармалганын айтып келет.