Сербияда U-23 дүйнө чемпионаты башталат — кыргызстандык балбандар килемге чыгатКытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка артка кайтарылдыБет кап, витрина жана 7 мүнөт: Луврдагы тоноо видеого түшүп калганЭкологиялык рейд учурунда жайыттарды бузган эки адамга айып белгилендиУбактылуу тынчтык бүттү. ЦАХАЛ Газа секторуна сокку урдуКыргызстандын ак май экспорту өсүүдө
Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөр 3 күн бою маал-маалы менен жабылып турат
04.11.2024 | 10:09
Бишкекте 4-6-ноябрда Бишкектин жана Чүй облусундагы көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Жолдор Түркиянын президентинин мамлекеттик сапарына жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтө тургандыгына байланыштуу жабылып турмакчы.
Чектөө кире турган көчөлөр:
- «Манас» аэропорту – Бишкек жолу
- Чүй проспекти Фучик көчөсүнөн Манаска чейин
- Манас жана Айматов проспектиси “Ала-Арча”мамлекеттик резиденциясына чейин.
Кайгуул кызматы айдоочуларды аталган көчөлөрдүн жээктерине унааларын калтырбоону, зарыл болбосо, жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпоого, жол эрежесин сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом