Токтогулда депутаттыкка талапкер кармалды

Токтогулда депутаттыкка талапкер кармалды

Жалал-Абадда Токтогул шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан Болот Дүйшөналиев кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, Дүшөналиев «социалдык тармактагы видеокайрылууларында митинг форматындагы массалык башаламандыктарды уюштурууга чакырык жасаган» деп шектелүүдө. Дүшөналиевдин видеокайрылуусу боюнча соттук-лингвистикалык экспертиза жасалып, анын жыйынтыгы менен 278-берене (массалык башаламандыктар) боюнча кылмыш иши козголгон.

Болот Дүйшөналиев 2-ноябрда кармалган. Соттун чечими менен ал 22-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алынган.

Дүйшөналиев өзүнүн кармалышын саясий буйрутма экенин билдирүүдө. Анын партиялаштары Дүйшөналиевдин кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Алар билдиргендей, депутаттыкка талапкерди шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканга чейин (кылмыш жасап жаткан жеринен колго түшүрүлбөсө эле) аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз кармоого, камакка алууга болбойт. Мындан улам алар Дүйшөналиевдин кармалышын шайлоодогу үгүт иштеринен четтетүү үчүн жасалган аракет катары көрөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>