«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Эрулан Кокуловдун мурдагы жардамчысы эки айга камакка алынды
04.11.2024 | 11:19
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун мурдагы жардамчысы Айтилек Орозбеков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, Орозбеков УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айып тагууда.
Орозбековдун бөгөт чарасы 2-ноябрда сотто каралып, УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча 2025-жылдын 1-январына чейин камакка алынган.
Анын досу жергиликтүү ММКларга билдиргендей, Орозбеков соцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалган.
Ал мурда депутат Эрулан Кокуловдун жардамчысы болгон, кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясына мүчө болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом