Бишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырдыЖапониялык компаниялар Кыргызстандагы сурьмага жана кремнийге кызыгыштыМинистрлер кабинети: Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү«Миллиондор үчүн оюн»: MBusiness’те 15 миллион сомдон ашык байге фонду менен акция башталатБишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынды
Кышкы дөңгөлөгү жок унаалар алыскы жолго чыгарылбайт
04.11.2024 | 11:41
Жайкы дөнгөлөктөр менен жүргөн айдоочулар алыскы аймактарга чыгарылбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Аталган башкармалык өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрө турганын, мындан улам алыскы жолго чыккан айдоочулар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы керектигин эскертет. Эгер бул талап аткарылбаса, айдоочулар “Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” постторунан өткөрүлбөйт.
Ошондой эле башкармалык айдоочуларды жанына кошумча дөңгөлөк, дөңгөлөккө ороо үчүн чынжыр алып алууга, карама-каршы тилкеге чыкпоого, унаалар ортосундагы аралыкты сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом