Чүй облусунун Арашан айылындагы маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, маданият үйүнүн имаратынын аянты 0,62 гектарды түзөт. Анын болжолдуу баасы 126 млн сомго жетет.
Атайын кызмат билдиргендей, ал имарат мыйзамды бузуу менен мөөнөтсүз пайдаланууга берилип, кийин мыйзамсыз сатып алынган.
«Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында имараттын ээси өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берген», — деп айтылат маалыматта.