Бишкекте эркек киши аялын өлтүрүп, өзүнө кол салган деп шектелүүдө

Бишкекте эркек киши аялын өлтүрүп, өзүнө кол салган деп шектелүүдө

Бишкекте сот аялын өлтүрүүгө шектелген жаранды камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 15-ноябрда Бишкекте бычактан жаарат алган 27 жаштагы аял ооруканага түшүп, бирок эсине келбей каза тапкан.

Кийинчерээк аялдын 34 жаштагы күйөөсү (А.Р.) да бычактан жараат алып ооруканага түшкөнү аныкталган.

Териштирүү учурунда окуя күнү аял менен күйөө кызганычтан улам урушканы белгилүү болгон.

Милициянын версиясы боюнча, күйөөсү аялын бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнүн жанын кыюуга аракет кылган. Азырынча ал суракка алына элек.

Ага «өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси» менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле сот шектүүнү камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Учурда эркек киши ооруканада жатат. Аны милиция кызматкерлери кайтарууда.

Бишкекте жубайлардын урушунун айынан аял каза болду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>