Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстанда бир жумада 287 мас айдоочу кармалды
18.11.2024 | 14:46
Кыргызстанда бир жумада 287 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11нен 17-ноябрга чейин өлкөдө 19 миң 508 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 678 унаа айып короого коюлган.
Бир жумада катталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 миң 180;
- Мас абалында унаа айдагандар – 287;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 279;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 490;
- Автоээнбаштык – 6;
- Ылдымдыкты ашырып айдоо – 3 миң 243;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 2;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 859.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом