Баңгизат сатайын деген адамдар милициянын тузагына түштү

Баңгизат сатайын деген адамдар милициянын тузагына түштү

Баңгизат сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери Бишкекте жана Чүйдө маңзат саткан адамдардын изине түшүп, алар баңгизат ала турган кишини издеп жатканын билишкен. Милиция кызматкерлери аларды далил заттар менен кармоо үчүн план иштеп чыккан. Ага ылайык баңгизат саткандар менен байланышка чыгып, жолугууну макулдашкан (милиция кызматкерлери баңгизатты сатып ала турган кишилердин ролун өздөрү аткара турган болгон).

Баңгизатты сатып жаткандар аны «Тойота Камри» унаасына алмашууну каалаган.

Жыйынтыгында милиция кызматкерлери алар менен Токтогул районунда жолугуп, унааны 5 кг «нашаага» алмашкан. Андан кийин шектүүнү колго түшүргөн. Ал 29 жаштагы Н.Ч. уулу аттуу жаран болуп чыккан. Андан тышкары Бишкекте анын шериги 27 жаштагы К.А. уулу кармалган. Анын жанынан 138 грамм «нашаа» табылып алынган.

Шектүүлөр Бишкектин милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>