Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Эртең Бишкекте футбол боло тургандыктан, эки көчө жабылат
18.11.2024 | 18:02
Эртең, 19-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Иран футбол курамаларынын ортосунда беттеш өтө тургандыктан, борбор калаадагы эки көчө жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Фрунзе көчөсү Тоголок Молдодон Панфиловго чейин, Тоголок Молдо көчөсү Чүйдөн Фрунзеге чейин саат 14:00дон оюн аяктаганга дейре жабык болот.
Кайгуул кызматы айдоочуларды бара турган жерине жолду алдын ала караштырууну суранат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Ирандын беттеши дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом