ЕЭК жана КМШ евразиялык мейкиндиктеги транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты чыңдоодоЧүй облусу экономикалык лидерлик статусун бекемдеди: өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355 млрд сомго жеттиӨзбекстандын экономикасы 2026-жылы 7 пайыздык деңгээлде өсөрү болжолдонуудаДепутат Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоону күчөтүүнү сунуштадыЭртең эртең менен Кыргызстанга Омандан алгачкы эвакуациялык каттам келет«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?
Кара-Сууда жылына 50 млн кыш чыгара турган ишкана салынууда
19.11.2024 | 10:39
Ош облусунун Кара-Суу районунда “Таза-Көмүр” компаниясы тарабынан ири кыш ишканасы салынууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аталган ишкана бышкан кыш жана көмүрдү кайра иштетип чыгарат. Анын курулушу толук аяктап, ишке кириши менен 250-300 жумуш орун түзүлүп, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот. Жылына 50 млн кыш чыгарылып турат.
Заводдун курулушу 2024-жылдын башында башталган. Инвесторлор ишкананы салууга 810 млн сом жумшаган.
18-ноябрда облус башчысы Элчибек Жантаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ишкананы көрүп чыккан.
Рубрики: Коом