КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору чет өлкөдөгү активдерди кайтаруу боюнча тармак түзүштүКМШ өлкөлөрү коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүүдөКР Мамлекеттик салык кызматы компанияларга кызматкерлердин сервистерге кирүүсүн өз алдынча жөндөөгө шарт түздүБишкекте 5-октябрда мектептер жана бюджеттик мекемелер онлайн иштейт«Учур» театрынын «Чиркин өмүр» спектаклинин коюлушу 6-октябрга жылдырылдыСадыр Жапаров Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин учуруу үчүн Лос-Анжелеске барды
Кара-Сууда жылына 50 млн кыш чыгара турган ишкана салынууда
19.11.2024 | 10:39
Ош облусунун Кара-Суу районунда “Таза-Көмүр” компаниясы тарабынан ири кыш ишканасы салынууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аталган ишкана бышкан кыш жана көмүрдү кайра иштетип чыгарат. Анын курулушу толук аяктап, ишке кириши менен 250-300 жумуш орун түзүлүп, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот. Жылына 50 млн кыш чыгарылып турат.
Заводдун курулушу 2024-жылдын башында башталган. Инвесторлор ишкананы салууга 810 млн сом жумшаган.
18-ноябрда облус башчысы Элчибек Жантаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ишкананы көрүп чыккан.
Рубрики: Коом