Кыргызстандык футболчу, улуттук кураманын мурдагы капитаны Азамат Байматов спорттук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Кечээ, 19-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Байматовду узатуу аземи болгон.
Кыгыз футбол бирикмесинен президентинин орун басары Нурдин Букуев спортчуга эстеликке футболка берген.
Байматов Кыргызстандын курамасынын катарында 2010-жылдын 17-февралда ойной баштап, жалпы 35 беттеш өткөргөн.