«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылдыИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсыз
Мурдагы депутат негиздеген компанияга 200 миң сом айып салынды
22.11.2024 | 12:16
Бишкекте көп кабат үй куруп жаткан «Беш Сары» компаниясына 200 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан үйдү текшерүү учурунда имараттын жүк көтөрүүчү каркасында, тосмо конструкцияларында, чатырында көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган. Ага байланыштуу компанияга 200 миң сом айып салынып, бардык аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү тапшырылган. Кемчиликтер жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду.
Эскерте кетсек, «Беш Сары» компаниясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев тарабынан негизделген. Учурда компанияны анын кызы Наргиза Жолдошбаева жетектейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом