Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу ал УТРК Сорт каналына курган маегинде билдирди.
Тыныбекова спорттук карьерасында медалдардын баарын утканын, бирок бир гана Олимпиаданын алтын байгеси жок экенин айткан. Ал ар бир спортчудай эле Олимпиада оюндарынан жеңиш менен кайтууну кыялданарын билдирди.
«Чемпион болуу — башкача сезим. Жеңиш даамын татыш үчүн кайра күрөшкүң, жеңгиң келет экен. Чоң спортто жүргөндөн бери көп жаракат алдым. Калыбыма келиш үчүн убакыт керек, дарыланышым зарыл. Ошонун баарын салмактап көрүп, ден соолугубуз жол берсе, буйруса, (Олимпиада оюндарына — ред.) аттанам. Жеңиш алып келгенге болгон аракетимди жасап көрөм», — деди ал.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова — Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ошондой эле ал 6 ирет Азия чемпиону болгон. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси. Ал — Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу.