Борбор калаанын мэриясы «РЦА Ливинг» ЖЧКсы менен мурдагы «Ак-Кула» ат майданынын жерин акысыз өткөрүп берүү боюнча келишимге жана макулдашууга кол койду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаар бийлиги билдиргендей, быйыл 8-июлда аларга ROX Group жана TNG Global Foundation компанияларынан Ак-Кула ат майданынын жерин сатып алуу сунушу келип түшкөн.
Август айында ROX Group жана TNG Global Foundation компаниялары «РЦА Ливинг» аттуу туунду компания түзгөн.
Келишимге ылайык, аталган компания жерди 49 жылга пайдаланууга алып, ал үчүн шаар бюджетине 5,8 млрд сом төгөт. Кийин 3 мектеп, 3 бала бакча, сейил бак, муниципалдык жол, тротуар салып, аталган объекттерге инженердик тармактарды тартып, аларды муниципалдык менчикке өткөрүп берет. Алардын баасы 3,5 млрд сомду түзөт.
Ошондой эле инвесторлор борбор калаанын башкы планын иштеп чыгууга 700 млн сомго жакын акча бөлөт.
Мурдагы ат майдандын ордуна турак үйлөр, бизнес борборлор, коомдук имараттар салынат.
Компания жалпы 87 млрд сом инвестиция жумшайт деп пландалууда.