Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Автобуста уурулук кылган жигит видеого түшүп калган
27.11.2024 | 15:22
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 23-октябрда 19 жаштагы жаран автобуста баратканда, белгисиз адам анын Vivo Y20 телефонун уурдап алган. Телефонун уурдаткан жаран милицияга кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү (уурдоо ) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштери жүрүшүндө шектүү катары 29 жаштагы жаран (Ж.Э.) кармалган.
Ал башка уурулук фактыларына да шектелип жаткандыктан, милиция жабыркагандар болсо, 0554 110 314, 0556 363 000, 0700 611 119 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.