Айсулуу Тыныбекова: Анын аракет кылганы мени багындыра алдыБишкекте «IMPULSE 2025» Х Эл аралык театралдык фестивалы ачылдыЕвропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош шаарына троллейбус линияларын куруп беретИИМ: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндары токтотулдуСүт өндүргөн смарт-фермалар Кыргызстанда пайда болушу мүмкүнТИМ: 72 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилди
Россияда кыргызстандыктар бараткан унаа кырсыктап, бир киши каза болду
02.12.2024 | 11:23
Россияда Кыргызстандын жарандары бараткан унаа кырсыктап, бир киши каза болду. Бул тууралуу «СарИнформ» басылмасы жазды.
Жол кырсык 1-декабрга караган түнү Саратов облусундагы Ершов – Озинки жолунда болгон. Кыргызстандыктар бараткан Toyota Sienna унаасы жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Анын айынан 27 жаштагы жүргүнчү каза тапкан. Дагы беш адам, анын ичинде айдоочу ооруканага жеткирилген.
Унаада 8 киши бараткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом