Кыргыз мушкерлери Дубайда өткөн Дүйнө чемпионатында күч сынашатСасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылдыТашиев Чүй проспектисин тарыткан Old Bishkek’тин курулуштарын алып салууну тапшырдыУКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирдиКыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстүБаткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылат
Ташиев бир түндө УКМК 7-8 бажычыны кармаганын билдирди
05.12.2024 | 11:20
Ош облусунун Кара-Суу районунда 5-декабрга караган түнү 7-8 бажычы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Кара-Сууда мурда Райымбек Матраимовдун бажы терминалы бар болчу. Аны мамлекетке алып койгонбуз. Ал жерде бажычылардын уюшкан уюгун талкаладык. Ошондой эле Эсеп палатасынын Түндүк аймагы боюнча башчысы эки инспектору менен кармалды. Аларды жөндөн-жөн эле барып кармап алган жокпуз. Алар боюнча кылдат иш алып барылды”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом