МИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржыладыМихаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөтКоомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салындыКыргызстан айыл чарбага спутниктик технологияларды киргизүүдө
ТИМ Сириядагы кыргызстандыктарга өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштады
10.12.2024 | 10:02
Тышкы иштер министрлиги Сирияда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды.
Министрлик Сириядагы Кыргызстандын жарандарына коопсуздук чараларына көңүл бурууну эскертип, өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштады.
Кеңеш же жардам алуу үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине +965 517 021 80 номери же Түркиядагы элчиликке +90 545 689 68 00 номери аркылуу кайрылууга болот.
Эскерте кетсек, Сирияда атасынан калган бийликти колго алып, 2000-жылдан бери өлкө башында турган Башар Асад тактыдан кулатылып, чет жакка качууга аргасыз болду. Бийликке козголоңчу-оппозиция келди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом