Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
ТИМ Сириядагы кыргызстандыктарга өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштады
10.12.2024 | 10:02
Тышкы иштер министрлиги Сирияда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды.
Министрлик Сириядагы Кыргызстандын жарандарына коопсуздук чараларына көңүл бурууну эскертип, өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштады.
Кеңеш же жардам алуу үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине +965 517 021 80 номери же Түркиядагы элчиликке +90 545 689 68 00 номери аркылуу кайрылууга болот.
Эскерте кетсек, Сирияда атасынан калган бийликти колго алып, 2000-жылдан бери өлкө башында турган Башар Асад тактыдан кулатылып, чет жакка качууга аргасыз болду. Бийликке козголоңчу-оппозиция келди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом