Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин Чолпон-Ата шаарында кабыл алдыКыргызстан өзүнүн чыгармачылыгын “Интервидение–2025” сынагында көрсөтөтСары-Ташта артиллериялык бөлүкчөлөрдүн талаа жыйыны өтүүдөБорбор Азия: стратегиялык таасир үчүн күрөшУКМК Чүй облусунда мыйзамсыз миграция каналын бөгөттөдүКыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдү
Садыр Жапаров келерки жылы өлкөдө кайсы аба каттамдар ачыларын айтты
11.12.2024 | 17:57
Президент Садыр Жапаров Караколдогу аэропорттун ачылышында өлкөдө келерки жылы кайсы аба каттамдары ачыла турганын айтты.
Жапаров “Казарман” жана “Кербен” аэропорттору модернизациядан өтүп, учурда “Нарын” аэропортун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
“Кудай буюрса, сатып алган төрт учагыбыздын үчүнчү учагы май айында келет. Казарман – Бишкек, Нарын – Бишкек, Кербен – Бишкек, Каракол – Ош, Талас – Ош сыяктуу аба каттамдары майдан баштап уча баштайт. Төртүнчү учак келе жаткан жылдын аягында келет. Ошондон кийин өлкө ичиндеги аба каттамдарды толугу менен “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик компаниябыз өзү аткара баштайт. Баасы дагы азыркы жеке менчик компаниялардыкына караганда арзан болот”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом