Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
УКМК мурдагы министр Султан Урманаев кармалганын билдирди
12.12.2024 | 14:38
Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору, экс-депутат, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Султан Урманаев коррупция иши боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызмат билдиргендей, Урманаев 1995-жылдын декабрь айынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомун (МАК) жетектеп турганда, айрым кызмат адамдардын жардамы менен мамлекеттик акчалардын эсебинен “Токчулук” МАКтын акцияларын сатып алган. Кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн жеке менчикке чыгарып кеткен.
Учурда ал кыймылсыз мүлк 626 млн сомго бааланууда.
Бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланып, мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтаруу иштери жүрүүдө.