Бишкекте 31,2 млн рубль карактагандар кармала элек

Бишкекте 31,2 млн рубль карактагандар кармала элек

Бишкекте каракчылык кылгандарды кармоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, 11-декабрь күнү 20 жана 28 жаштагы эки жигит каракталган. Алар банктан 31 млн 264 миң рубль алып, жумушуна бараткан. Чокморов көчөсүндө баратканда, аларга беткапчан төрт киши кол салып, бычак менен жараат келтирип, акча салынган сумканы алып, унаа менен качып кеткен.

Колу жана бети кесилген жарандар ооруканага жеткирилип, аларга жардам көрсөтүлгөн.

Аталган факт боюнча «каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда аныкталгандай, «Форд Фокус» менен качкан кылмышкерлер, унаасын Чуйков көчөсүндө калтырып, андан кийин чет элдик номер тагылган «Лада» унаасына отуруп кетишкен.

Милиция иликтөө иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин, кылмышкерлерди кармоо боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>