15-17-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңуп, тайгак болот. Тоолуу аймактарда күрткү пайда болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
16-17-декабрда күн суук болот. Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус;
Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус;
тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градус;
тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12 градус;
Суусамырда жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -13…-18 градуска чейин төмөндөйт.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатары кошумчаланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз