Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Акылбек Жапаровдун ордуна ким өкмөт башчы болору кабарланды
16.12.2024 | 12:09
Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эми Касымалиевди өкмөт башчы кызматына дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Буга чейин ал министр кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп келген.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын октябрь айынан бери министрлер кабинетин жетектеп келе жаткан Жапаров кызматтан кеткени тууралуу 16-декабрда белгилүү болду.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом