Күч түзүмдөрүнүн пенсионерлери көбөйтүлгөн пенсияны качан алары айтылды

Күч түзүмдөрүнүн пенсионерлери көбөйтүлгөн пенсияны качан алары айтылды

Күч түзүмдөрүнүн пенсионерлери көбөйтүлгөн пенсиясын декабрь айында алат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин комитетинин жыйынында Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев президент күч түзүмдөрүндө иштеп пенсияга чыккандардын акчасын көтөрүү тууралуу жарлыкты октябрь айында чыгарганы менен аларга көбөйтүлгөн пенсиясы эмдигиче бериле электигин айтып, суроо салды.

Алиев ар бир мекемеде Пенсиялык бөлүмдөр бар экенин, алардын күнөөсү менен акча кечигип берилип жатканын, эң кеч дегенде үч күндүн ичинде көбөйтүлгөн пенсия берилерин билдирди.

«Ооба. Ал өздөрүнүн пенсиялык бөлүмүнүн күнөөсү менен болду. Бизге Каржы министрлиги акчаны бөлүп берди. Ал каражат бизде турат. Биз каражатты бергенге даярбыз», — деди Алиев.

Алиевдин сөзүн улай каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине пенсияны берүү тууралуу өкмөттүн токтому мурдагы аптада чыкканын, октябрь менен ноябрь айы үчүн кошула турган акча декабрдагы пенсия менен бир берилерин билдирди.

Эскерте кетсек, 18-октябрда президенттин жарлыгы күч түзүмдөрүндө (милиция, аскер ж.б.) иштегендердин пенсиясы 10,8%га, орточо 1,8 миң сомго көтөрүлгөн. Көбөйтүлгоң пенсия октябрь айынан тарта берилиши керек болгон. Акча кошулгандан кийин күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин орточо пенсиясы 18,3 миң сомду түзөрү кабарланган.

Ошол эле учурда пенсияга чыгып, бирок иштеп жаткан кызматкерлерге акча кошулбайт.

Жарлыкка кол коюлду. Күч түзүмдөрүндө иштегендердин пенсиясы көбөйтүлөт

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>