Ташиев Жапаровдун кызматтан алынышы тууралуу: Бир нерсеге байланышы болгон үчүн кетти

Ташиев Жапаровдун кызматтан алынышы тууралуу: Бир нерсеге байланышы болгон үчүн кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынды Акылбек Жапаровдун кызматтан кеткени боюнча комментарий берди.

Маалымат жыйында журналисттердин бири Акылбек Жапаровдун өкмөт башчылыктан кетиши Салык кызматындагы коррупция менен байланыштырылып жатканын айтып, «бул эки окуянын байланышы барбы?» деген суроо узатты.

Ташиев сөзүнүн башында Акылбек Жапаров жакшы иштегенин айтып өттү.

«Акылбек Үсөнбековичтин иши тууралуу эки ооз сөз айтып коеюн. Ал киши менен үч жылдан ашык чогуу иштедим. Акылбек Үсөнбекович тажрыйбасы кенен, мол, экономикалык билимге бай жигиттерден. Мамлекетке көптөгөн жакшы жумуштарды аткарып кетти», — деди Ташиев.

Ташиев Жапаров президенттин чечими менен кызматтан алынганын, аны талкуулай албай турганын билдирди.

«Бир нерсеге байланышы болгон үчүн кетти да. Жөндөн-жөн кетпейт. Ал президенттин чечими, биз аны талкуулабайбыз», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>