Турдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгардыПрезиденттик администрация “Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт” акциясына катышты
Турсунбай Бакир уулу башка диндеги адамды өз динине тарткандар үчүн кылмыш жообун киргизүүнү сунуштады
17.12.2024 | 15:56
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу башка диндеги адамды өз динине тартуу (прозелитизм) менен алектенген адамдарды кылмыш жообуна тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда парламентте «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзамын талкуулоо учурунда билдирди.
Бакир уулу жаңы мыйзам долбоорунда башка диндеги адамга барып, өзүнүн динине өтүүгө чакырууга тыюу салынары жазылганын, бул боюнча “Кылмыш-жаза кодексинде жаза каралганбы” деген суроо узатылды.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов башка диндеги адамды өз динине чакыргандар үчүн жаза каралбаганын билдирди.
Турсунбай Бакир уулу аталган норманы кодекске киргизүү керектигин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом