Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Турсунбай Бакир уулу башка диндеги адамды өз динине тарткандар үчүн кылмыш жообун киргизүүнү сунуштады
17.12.2024 | 15:56
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу башка диндеги адамды өз динине тартуу (прозелитизм) менен алектенген адамдарды кылмыш жообуна тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда парламентте «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзамын талкуулоо учурунда билдирди.
Бакир уулу жаңы мыйзам долбоорунда башка диндеги адамга барып, өзүнүн динине өтүүгө чакырууга тыюу салынары жазылганын, бул боюнча “Кылмыш-жаза кодексинде жаза каралганбы” деген суроо узатылды.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов башка диндеги адамды өз динине чакыргандар үчүн жаза каралбаганын билдирди.
Турсунбай Бакир уулу аталган норманы кодекске киргизүү керектигин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом