Эксперт: ЖК Төрагасы кызматына аялдын дайындалышы өлкө үчүн «турукташтыруучу фактор» болушу мүмкүнАймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилдиБишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирдиКазакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштыруудаКамила Талиева президент менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, аларды жараштырууну сунуштады
Баткенде айыл өкмөт башчы тургундардан 100 миң доллар опузалаган деп кармалды
17.12.2024 | 18:59
Баткендин Кадамжай районунда айыл өкмөт башчы тургундардан 100 миң доллар опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Исхак-Полотхан айыл аймагынын башчысы Д.Ж. үй курууга жер бөлүп берүү тууралуу чечим чыгаруу үчүн жергиликтүү тургундардан 100 миң доллар опузалаган.
УКМК билдиргендей, ал 14-декабрда 6,6 миң доллар алып жатканда кармалган.
Айыл өкмөт башчы Бишкекке алынып келип, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом