Канат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөтКумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болдуСыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди
Баткенде айыл өкмөт башчы тургундардан 100 миң доллар опузалаган деп кармалды
17.12.2024 | 18:59
Баткендин Кадамжай районунда айыл өкмөт башчы тургундардан 100 миң доллар опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Исхак-Полотхан айыл аймагынын башчысы Д.Ж. үй курууга жер бөлүп берүү тууралуу чечим чыгаруу үчүн жергиликтүү тургундардан 100 миң доллар опузалаган.
УКМК билдиргендей, ал 14-декабрда 6,6 миң доллар алып жатканда кармалган.
Айыл өкмөт башчы Бишкекке алынып келип, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом