Кыргызстан Германияны санкциялар маселесинде тең салмактуу мамиле жасоого чакырдыКыргызстан менен Өзбекстан Кытайга багытталган темир жол долбоорун илгерилетүүдөКыргызстандын сегиз ишканасына Кытайга продукция экспорттоого уруксат берилдиКазакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдун күнү белгилендиКыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы: артыкчылыктар жана негизги чакырыктар“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыялады
Алайда мамлекетке кайтарылган 8 сотых жер эки томолой жетим балага берилди
18.12.2024 | 09:16
Ош облусунун Алай районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылып, эки жетим балага берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гүлчөнүн айыл өкмөтү 2021-жылы 22-декабрда 8,36 сотых жер тилкесин мыйзам бузуу менен бир жаранга бөлүп берген. Прокуратура ал боюнча сотко кайрылып, жер муниципалдык менчикке кайтарылган.
Андан кийин прокуратура аталган жерди 4 сотыхтан экиге бөлүп, Гүлчөдөгү эки томолой жетим балага үй куруу үчүн берүү сунушу менен жергиликтүү бийликке кайрылган.
Жыйынтыгында 16 жаштагы М.Р. жана 17 жаштагы А.Г. аттуу эки томолой жетим бала 4 сотыхтан жер алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом