Бишкек шаардык соту журналисттер Махабат Тажибек кызы (иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы), Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбековго өкүм чыгарды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.
Шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Ага ылайык Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков 6 жана 5 жылга абакта калат. Ошондой эле Капаров менен Бейшекеева 3 жылдык пробациялык көзөмөлдо болот.
Эскерте кетсек, быйыл 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда-кийин иштеген кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Алардын баары камакка алынган.
Милиция 11 журналистке тең «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» айыбын койгон.
Кийинчерээк 11 журналисттин жетөө үй камагына чыгарылган. Актилек Капаров, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева камакта калтырылган.
10-октябрда Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын 6 жылга, «Айт айт десе» долбоорундагы акын Азамат Ишенбековду 5 жылга абакка кескен.
Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева да күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан. Аларга 3 жылдык пробация берилип, камактан бошотулган.
Калган жети адам – «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбек, «Нур прессте» иштеген Жоодар Бузумов, «Арча Медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев, «Айт айт десе» долбоорунда иштеген Сапар Акунбеков, Temirov Live’дын кызматкерлери Акылбек Орозбеков, Жумабек Турдалиев жана Максат Тажибек уулу (мурда оператор болгон, азыр журналистикада иштебейт) акталган.
Кармалгандардын баары бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке ачуу сын айтып келгени менен белгилүү.
Саясатчы Адахан Мадумаров журналисттерге чыккан өкүмдү сындап чыккан.
Адахан Мадумаров 11 журналистке чыккан соттун өкүмүн сынга алды