Бишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 миллиард доллардан ашты, таза пайдасы 548 миллион долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло утту
Видео: Бишкекте 31,2 млн рубль карактагандардын өздүгү аныкталды, бирок кармала элек
18.12.2024 | 12:37
Бишкекте 31,2 млн рубль карактаган төрт кишинин ким экени аныкталды, бирок алар кармала элек. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 11-декабрда 20 жана 28 жаштагы эки жигит каракталган. Алар банктан 31 млн 264 миң рубль алып, жумушуна баратканда, беткапчан төрт киши бычак менен кол салып, берки эки жигитке жараат келтирип, акча салынган сумканы алып, унаа менен качып кеткен.
Колу жана бети кесилген эки жаран ооруканага жеткирилген. Милиция жабыркагандар жеңил жараат алганын билдирди.
Учурда карактагандардын ким экени аныкталган, бирок кармала элек. Милиция тергөө кызыкчылыгы үчүн шектүүлөр тууралуу маалымат бере албай турганданын айтты.
Учурда каракчыларды кармоо боюнча иштер уланууда.