24-октябрдын аба ырайы: Өлкөдө күн ачык жана булуттуу болотБишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледи
Алмамбет Шыкмаматов Салык кызматынын төрагасы болду
18.12.2024 | 17:08
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Шыкмаматовду эмгек жааматына өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырган.
Алмамбет Шыкмаматов буга чейин юстиция министри, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетектеп, андан кийин президенттин кеңешчиси болуп келген.
Эскерте кетсек, УКМК Салык кызматынын буга чейинки башчысы Алтынбек Абдувапов баштаган салыкчылар акциздик маркалар боюнча коррупциялык схема үчүн кармалганын кабарланган. Анда кийин ал кызматтан алынган.
https://reporter.kg/salyk-kyzmatynyn-toragasy-menen-orun-basary-20-yanvarga-chejin-kamakka-alyndy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом