Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Алмамбет Шыкмаматов Салык кызматынын төрагасы болду
18.12.2024 | 17:08
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Шыкмаматовду эмгек жааматына өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырган.
Алмамбет Шыкмаматов буга чейин юстиция министри, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетектеп, андан кийин президенттин кеңешчиси болуп келген.
Эскерте кетсек, УКМК Салык кызматынын буга чейинки башчысы Алтынбек Абдувапов баштаган салыкчылар акциздик маркалар боюнча коррупциялык схема үчүн кармалганын кабарланган. Анда кийин ал кызматтан алынган.
https://reporter.kg/salyk-kyzmatynyn-toragasy-menen-orun-basary-20-yanvarga-chejin-kamakka-alyndy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом