Жаш окумуштуулар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жаш окумуштуулар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

20-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинде жаш окумуштуулардын арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу аталган ведомсвтодон билдиришти.

Маалыматка караганда, жеңүүчүлөргө сыйлыкты билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул тапшырып жатып, акыркы убакта илимге өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

“Кечээ президент Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын ачканын көрдүк. 2025-жылдан баштап илимий кызматкерлердин айлык акылары 100 пайыз көтөрүлөт деди, “Эл үмүтү” президенттик стипендиясы да берилип жатат. Илимге сиздер дагы салымыңыздарды кошуп, өлкө үчүн иштеп бересиздер деп ишенем”, – деди министрдин орун басары.

Сынак окумуштуулук даражасы бар же жок экендигине карабастан 35 жашка чейинки жаш изилдөөчүлөр жана окумуштуулар арасында үч номинация («Жылдын эң мыкты илимий макаласы», «Жылдын эң мыкты инновациялык социалдык долбоору», «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу») боюнча өткөрүлдү.

Министрликке жалпасынан 36 өтүнмө келип түшүп, алардын ичинен сынак коммиссиясынын сунушу менен 8 кишини жеңүүчү болду.

«Жылдын эң мыкты илимий макаласы» номинациясы боюнча:

1-орун — Асилбеков Кыязбек Асилбекович, Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун илимий кызматкери;

2-орун — Жапаралиев Шербол Жапаралиевич, Ош мамлекеттик университетинин ага окутуучусу;

3-орун — Окенов Арстанбек Окенович, Гент университети (Бельгия) PhD программасынын студенти.

«Жылдын эң мыкты инновациялар социалдык долбоору» номинациясы боюнча:

1-орун — Шайымбетова Алтынай Рысбековна, Кыргыз-Россия Славян университетинин ага окутуучусу;

«Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинациясы боюнча:

1-орун — Дуулатов Элдияр Сапарбекович, Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун улук илимий кызматкери, геология илимдеринин кандидаты;

2-орун — Абдирасулова Жайнагуль Абдирасуловна, Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинин окутуучусу;

3- орун — Алишер кызы Салтанат, Ош мамлекеттик университети жана Эрнисова Айгерим Эрнисовна, Кыргыз-Россия Славян университетинин ага окутуучусу.

Жеңүүчүлөргө 1-орунга ноутбук (MacBook), 2-орунга уюлдук телефон (iOS), 3-орунга планшет (iOS) тапшырылды.

Белгилей кетсек, сынак илимге жаштарды тартуу, жаш изилдөөчүлөрдү колдоо, таануу максатында биринчи жолу өткөрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>